"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлчүлү Нуридин ажы Мамасабиров облус аймагындагы медресе окутуучулары менен атайын жолугушуу өткөрдү. Жыйында медреседеги бардык уул-кыздар аманат экендиги баса белгиленип, алардын билим алуусу менен катар ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды. Биринчи кезекте тамак-аштын сапаты санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык таза жана коопсуз болушу керектиги эскертилди.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында ӨКМдин талаптарын так сактоо, тилсиз жоого каршы ар дайым даяр болуу жана этияттыкты күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Ошону менен катар студенттер арасында спорттук мелдештерди жана илимий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу тапшырылды. Бул иш-чаралар окуучулардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында уюштурулары айтылды.
Жыйын соңунда ар бир медреселердин окутуучуларына жана окуп жаткан студенттерге өкүлчүлүк тарабынан акчалай сый акылар тапшырылды.