“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Кечээ, 6-апрель күнү Баткен шаарында райондун жана шаардын имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында акыйда боюнча атайын окутуу сабагы уюштурулду. Аталган сабак Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу тарабынан демилгеленип, аны КМДБнын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев өттү.
Окутуу семинары Азирети Муфтий Абдилазиз кары Закиров тарабынан берилген имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча тапшырманын негизинде жана иш-планга ылайык өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө имамдарга акыйда илими боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, окутууга катышкандарга атайын сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, имамдар үчүн уюштурулган бул окутуу сабактары 7–8-апрель күндөрү облустун башка район жана шаарларында да улантылат.