"Оо, Алла Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр!"
Аймактар | 18.03.2026
  • |

Нийматилла ажы Топчиев Талас шаарында курулуп жаткан борбордук мечиттин курулуш иштеринен кабар алды

Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков менен биргеликте Талас шаарында курулуп жаткан борбордук мечиттин курулуш иштери менен таанышуу зыяртын жүргүзүштү. 

Зыяраттын жүрүшүндө борбордук мечиттин учурдагы абалы каралып, курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле курулушту белгиленген талаптарга ылайык сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү маселелери талкууланды. 

«Бул — аймак үчүн чоң руханий борбор болору шексиз. Жаңы курулуп жаткан мечитибиз элди ыйманга, адеп-ахлакка жана биримдикке чакырган ыйык жайлардын бири болсун. Курулуш иштерине колдоо көрсөтүп жаткан бардык демөөрчүлөргө жана кайрымдуу инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Аллах Таала кылган жакшылыктарыңызды эселеп кайтарсын!», – деди Нийматилла ажы Топчиев.

Диний өкүлчүлүк тараткан маалыматка ылайык, аталган борбордук мечит пайдаланууга берилгенден кийин бир убакытта 4800 адамга намаз окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.