“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Аймактар | 19.02.2026
  • |

Ноокенде имамдар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда достук футбол мелдеши өттү

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук хатибияты менен райондук ички иштер бөлүмү биргеликте спорттун футбол түрү боюнча достук мелдеш уюштурушту. Саамалыкка жалпы 7 команда катышып, алардын 4 ү дин кызматкерлеринен, 3 ү Ноокен РИИБдин кызматкерлеринен түзүлдү.

Спорттук иш-чаранын максаты — имамдар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, өз ара ишенимди арттыруу жана сергек жашоону даңазалоо болду.

Мелдешке КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов баштаган өкүлчүлүктүн курама командасы да катышып, жыйынтыгында байгелүү 3-орунду ээледи.

Облустук өкүл иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган Ноокен РИИБге жана райондун баш имам-хатибинин м.а. Тынчтыкбек ажы Шаиковго ыраазычылык билдирип, мындай биргелешкен спорттук иш-чаралар имамдар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Ноокен РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Коноев райондук хатибият менен салтка айланган бул мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турарын айтып, облустук өкүлчүлүккө жана райондук хатибиятка ыраазычылык сөзүн жолдоду.

Белгилей кетсек, мындай спорттук саамалыктар коомдогу ынтымакты бекемдеп, мамлекеттик органдар менен диний институттардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырууга өбөлгө түзөт.