Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 21.10.2025
  • |

Ош: Облустук деңгээлде кыз-келиндер арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Бишкек шаарында өтүүчү республикалык Куран жарышына Ош облусунун атынан катышуучу кыз-келиндерди тандап алуу үчүн Ош облустук казыятында Куран жарышы өткөрүлдү. Облустук деңгээлдеги Куран жарышына 60тан ашуун хафиза кыздар катталгандыктан, мелдеш эки күнгө созулуп, калыстардын чечими менен мыктылар аныкталды. 

5 пара боюнча – Ахмедова Раяна;
15 пара боюнча – Рахматуллаева Рукия;
30 пара боюнча – Закирова Муаззам; 

Айта кетсек, катышуучулардын басымдуу бөлүгү Курандан 5 пара боюнча болуп, 15 жана 30 паралар боюнча катышуучу хафиза кыздар аз экендигин калыстар тобу билдиришти.

Ал эми облус казысы Султанали ажы Гапуров жеңишке жете албай калган катышуучуларга акыл-насаатын айтып, эң чоң сыйлык акыреттеги ата-энесине берилүүчү таажы экендигин эстетип, ар дайым жаттаганын бышыктап жүрүүгө чакырды. 

Эскерте кетсек, жогоруда аты аталган жеңүүчүлөр республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.