Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бишкек шаарында өтүүчү республикалык Куран жарышына Ош облусунун атынан катышуучу кыз-келиндерди тандап алуу үчүн Ош облустук казыятында Куран жарышы өткөрүлдү. Облустук деңгээлдеги Куран жарышына 60тан ашуун хафиза кыздар катталгандыктан, мелдеш эки күнгө созулуп, калыстардын чечими менен мыктылар аныкталды.
5 пара боюнча – Ахмедова Раяна;
15 пара боюнча – Рахматуллаева Рукия;
30 пара боюнча – Закирова Муаззам;
Айта кетсек, катышуучулардын басымдуу бөлүгү Курандан 5 пара боюнча болуп, 15 жана 30 паралар боюнча катышуучу хафиза кыздар аз экендигин калыстар тобу билдиришти.
Ал эми облус казысы Султанали ажы Гапуров жеңишке жете албай калган катышуучуларга акыл-насаатын айтып, эң чоң сыйлык акыреттеги ата-энесине берилүүчү таажы экендигин эстетип, ар дайым жаттаганын бышыктап жүрүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, жогоруда аты аталган жеңүүчүлөр республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.