Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 03.09.2025
  • |

Ош облусунда 58 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облус боюнча райондук баш имам-хатибдер жана айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатибдерине жыйын өткөрүп, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. 

"Облус боюнча мамлекеттик каттоодон өтө элек мечит-намазканаларды тактоо жана алардын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо иштерин күчөтүү зарыл. Ал үчүн ар бир айылды кыдырып чыгуу керек. Бул ишти аткарууда казыят кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдерге айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери жакындан жардам көрсөтүүсү керек", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле, облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков мечиттерди ашар жолу же демөөрчүлөрдүн колдоосу менен куруп, документ ишине келгенде таштап койгон учурлар көп болгондугун айтып өтсө, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Мухаммадсали ажы Рахмидинов облус боюнча каттоодон өтө элек мечиттердин саны көбөйүп жаткандыгын жана жаңы курулуп жаткан мечиттерди да тез арада тактоо керектигин билдирди.

Айта кетсек, Ош облусу боюнча жалпы 1036 мечит мамлекеттик каттоодон өткөн болсо, мамлекеттик каттоодон өтө элек 58 мечиттин тиешелүү иш кагаздары даярдалууда.