“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен ыйык Рамазан айына карата кайрымдуулук иштери башталды.
Аталган кайрымдуулук иштери алгач КМДБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында өткөрүлүп, анда көп балалуу, муктаж үй-бүлөлөргө жардам баштыкчалары таратылды.
Рамазан айына карата өткөрүлгөн алгачкы кайрымдуулук иш-чарасында 10 үй-бүлөнүн ар бирине 10 миң сомдук тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.
«Рамазан айында жакшылык иштерди жасоо менен орозо кармаган адамга ифтар уюштуруу чоң сооп экендиги талашсыз. Биз да чоң соопту ниет кылып, ифтар үчүн тамак-аш даярдоого бир үй-бүлө үчүн бир айга жетерлик азык-түлүк тапшырдык. Буйруса Рамазан айында кайрымдуулук иштерин баштап бердик, облус аймагындагы ар бир райондо уланат деп ишенебиз», – деди Султанали ажы Гапуров.