“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Кечээ, 20-февралда Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында жайгашкан «Хадижа» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Ыйык айдын ыйык жума күнүндө өткөн жолугушууда Узеналиев «Орозонун руханий максаты жана орозону бузган нерселер» аттуу темада баяндама жасады.
«Орозо – бул Ислам дининин беш парзынын бири. Ал жыл сайын ыйык Рамазан айында кармалат. Аллах Таала өзүнүн Куран китебинде орозонун негизги максаты такыбалык (Аллахтан коркуу, анын буйруктарын так аткаруу) экенин билдирет. Адам орозо аркылуу өзүнүн напсисин тарбиялап, жаман адаттардан алыс болууга үйрөнөт. Ачкачылык жана суусоо адамды сабыр кылууга үйрөтөт. Сабыр – ыймандын жарымы. Орозо кармаган адам кыйынчылыкка чыдамкай болуп, өзүн көзөмөлдөөгө машыгат. Күнүмдүк жеп-ичкен нерселерибиздин баркын кээде билбейбиз. Орозо аркылуу адам тамак-аштын, суунун жана тынчтыктын баалуулугун тереңирээк сезет. Ачкачылыкты сезүү менен муктаж адамдардын абалын түшүнүп, кайрымдуулук кылууга умтулат. Бул коомдогу ынтымакты жана биримдикти бекемдейт», – деди ал өз сөзүндө.