«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана диний кызматкерлердин жол эрежелери боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында Талас облусунун аймагында диний кызматкерлер арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара Талас облустук казыяты жана облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, анын алкагында кызматкерлерге жол эрежелеринин негизги талаптары, жоопкерчилик чаралары жана жүрүм-турум маданияты тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле, диний кызматкерлердин катышуусунда профилактикалык маектер, түшүндүрүү баяндамалар жана суроо-жооп форматындагы талкуулар өттү.
Мындай иш-чаралар келечекте да улантылып, жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.