«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Регионы | 26.05.2025
  • |

Талас облусунда диний кызматкерлер арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жыйынтыкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана диний кызматкерлердин жол эрежелери боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында Талас облусунун аймагында диний кызматкерлер арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара Талас облустук казыяты жана облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, анын алкагында кызматкерлерге жол эрежелеринин негизги талаптары, жоопкерчилик чаралары жана жүрүм-турум маданияты тууралуу маалыматтар берилди. 

Ошондой эле, диний кызматкерлердин катышуусунда профилактикалык маектер, түшүндүрүү баяндамалар жана суроо-жооп форматындагы талкуулар өттү.

Мындай иш-чаралар келечекте да улантылып, жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.