Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 22.10.2025
  • |

Таласта облустук деңгээлдеги Куран жарышы өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыятында республикалык Куран жарышына катышуучуларды аныктоо боюнча облустук тандоо сынагы болуп өттү. Иш-чарага облус аймагындагы төрт райондон конкурсанттар катышты. Сынак үч багытта өткөрүлүп, катышуучулар Курандын 5, 15 жана 30 параларынан өз ара таймашты.

Сынакты адилеттүү жана тажрыйбалуу калыстар тобу баалап, катышуучулардын Куранды так жаттоосуна, тажвид эрежелерин сактоосуна жана көркөмдүүлүгүнө өзгөчө маани беришти. Ар бир катышуучу өз жөндөмүн жана даярдыгын көрсөтүүгө аракет жасап, жыйынтыгында кыз-келиндер арасында 5 парадан Советбекова Халима,15 парадан Советбекова Хадижа жана 30 парадан Мухаматали кызы Аасия жеңсе, ал эми уландар арасынан 5 парадан Нурлан Мухаммад, 15 парадан Эргешов Адилет жана 30 парадан Мирбеков Нурмухаммад жеңүүчү деп табылып, 2025-жылдын 27-28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.

Иш-чара соңунда Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Куран жаттоонун чоң сооптору жана анын жаштардын руханий дүйнөсүнө тийгизген таасири тууралуу насаат айтып, жаштарды илим жана Куранды үйрөнүүгө, ата-энеге жана коомго пайдалуу инсан болууга чакырып, ак батасын берди.