«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын «Каракучкач» мечитинде улуу Рамазан айынын урматына ооз ачар уюштурулуп, 50 үй-бүлөгө чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан азык-түлүк таратылды.
Жардам алган үй-бүлөлөргө керектүү азык-түлүк баштыктары берилди. Айыл имамы жамааттын жана айыл тургундарынын атынан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, алардын иштерине береке каалап батасын берди.
Иш-чара берекелүү Рамазан маанайында өтүп, жамааттын ынтымагын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түздү.