"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 19.03.2025
  • |

Тоң районунда 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып, ооз ачарлык уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын «Каракучкач» мечитинде улуу Рамазан айынын урматына ооз ачар уюштурулуп, 50 үй-бүлөгө чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан азык-түлүк таратылды.

Жардам алган үй-бүлөлөргө керектүү азык-түлүк баштыктары берилди. Айыл имамы жамааттын жана айыл тургундарынын атынан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, алардын иштерине береке каалап батасын берди.

Иш-чара берекелүү Рамазан маанайында өтүп, жамааттын ынтымагын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түздү.