"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 23.04.2026
  • |

Умарали ажы Муратов Аравандагы "Йакын Инкар" агымынан баш тарткан жарандарга сабак өттү

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Умарали ажы Муратов райондогу "Йакын Инкар" экстремисттик уюмунан баш тарткан жарандар менен бирге, жергиликтүү элге диний баалуулуктар боюнча сабак өттү.

Сабакта ислам дининин негиздери, баалуулуктары, тынчтыктын, ынтымактын маанилүүлүгү тууралуу баяндама жасап, жергиликтүү тургундар менен ынтымактуу мамиледе болууга чакырды.

Ошондой эле, сабактан кийин жергиликтүү тургундар менен биргеликте сый тамак уюштурулуп, Мекенди сүйүү, ынтымак, биримдик боюнча маалыматтар айтылды.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Ош шаарындагы борбордук "Имам аль-Бухарий – Алай" мечитинде тереңдетилген сабак өтүлүп, жыйынтыгында Араван районунан "Йакын Инкар" экстремисттик уюмунун 17 мүчөсү баш тарткан.