Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 24-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу борбордук «Топанса Отумбу» мечитинде райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.
— КМДБнын №5 фатвасын элге жеткирүү;
— Ишембиликтерге активдүү катышуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;
— Кадыр түн жана Айт намаздарын жогорку деңгээлде өткөрүүнү уюштуруу.
Жыйындын соңунда ар бир мечит имамына Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийинин атынан ыйык Куран китеби белек кылынды.