Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаарындагы «Аалым Мусулманкул ажы» мечитинде имамдар үчүн атайын окуу сабагын уюштурду. Иш-чаранын темасы “Мазхаб кармануу – үммөттүн биримдигинин кепили” деп аталды.
Сабакка Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун имам-хатибдери катышып, дин аалымы Олжобай ажы Алимбеков мазхаб кармануунун зарылдыгы жана анын үммөттүн ынтымагындагы орду туурасында кеңири баяндама жасады. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берип, практикалык насааттарын бөлүштү.
Өз кезегинде облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков бул сабактын максатына токтолуп, иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу багытында уюштурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал устаз Олжобай ажы Алимбековго жана катышкан имамдарга ыраазычылык билдирип, мындай окуу сабактары мындан ары дагы өткөрүлөрүн маалымдады.