«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир катар мектептерде жана маданият үйүндө окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Барскоон айылында эки мектепте, Тамга жана Тосор айылдарындагы мектептерде, ошондой эле Барскоон айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жыйындар болуп өттү.
Иш-чараларга Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу, райондук администрациянын өкүлдөрү жана башка жетекчилер катышты.
Жыйындарда суициддин алдын алуу, зордук-зомбулук, экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Катышуучуларга маанилүү маалыматтар айтылып, анын алдын алуу чаралары талкууланды.