«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Мундуз айылынын эң жашы улуу имамына айыл тургундары умра сапарын белек кылышты. Ошондой эле, жалпы Жети-Өгүз районунун имамдарынын атынан бир аттын акчасын тартуулашты.
Иш-чарага Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, белектерди тапшырып, өз батасын берди. Мундуз айылынын имамы көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Бул кайрымдуу иш айыл тургундарынын жана имамдардын ынтымагын дагы бир ирет бекемдеп, коомчулуктун биримдигин даңазалады.