"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 28.03.2025
  • |

Жети-Өгүздө эң жашы улуу имамга умрага жолдомо белек кылынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Мундуз айылынын эң жашы улуу имамына айыл тургундары умра сапарын белек кылышты. Ошондой эле, жалпы Жети-Өгүз районунун имамдарынын атынан бир аттын акчасын тартуулашты.

Иш-чарага Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, белектерди тапшырып, өз батасын берди. Мундуз айылынын имамы көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Бул кайрымдуу иш айыл тургундарынын жана имамдардын ынтымагын дагы бир ирет бекемдеп, коомчулуктун биримдигин даңазалады.