«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы «Каныбек ажы» атындагы медреседе район имамдары үчүн окуу сабактары уюштурулду.
Аталган имамдык курс Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде өткөрүлүп, анда тажвид эрежелери, акыйда, фикх жана адеп-ахлак илимдери боюнча лекциялар окулду. Ошондой эле ар бир имам айыл жергесинде болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу ой бөлүшүп, сабак соңунда суроо-жооп форматында пикир алышуу болду.
Имамдык курстун жыйынтыгында катышуучуларга окууга катышып, билим деңгээлин жогорулатканын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев сертификаттарды жеке өзү тапшырып, ар бир имамга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өтүп жатат. Алсак, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылындагы «Мусталый уулу Нуркожо ажы» атындагы мечитте, Тоң районуна караштуу Боконбай айылындагы «Орозакун уулу Узакбай ажы» атындагы медреседе жана Каракол шаарындагы «Мухтарулло-2» мечитинде имамдар курсу уюштурулду.