Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 30.09.2025
  • |

Аалымдар Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат!

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп, анда аймактарда диний агартуу жүргүзүү жана жума куптасын окуу маселеси талкууланды. Жыйындын чечимине ылайык, 10-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулуучу мечиттерде Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жамаатка жума баянын жасап, кутпасын окушмакчы.

Бул иш-чаранын алкагында Аалымдар Кеңешинин 11 мүчөсү Ысык-Көл облусуна барып, жамааттарга дин-ыйман багытындагы маанилүү темаларда баян кылышмыкчы. Кутпалар төмөнкү шаар жана райондордо айтылат: 
• Каракол шаары; 
• Чолпон-Ата шаары; 
• Балыкчы шаары; 
• Тоң району; 
• Түп району; 
• Ак-Суу району;
• Жети-Өгүз району.

Бул демилге аймактардагы жашоочулар менен тыгыз байланышта болуп, коомчулуктун руханиятына көңүл бурууга жана диний түшүнүгүн арттырууга багытталды.