“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 22.07.2026
  • |

Ат-Башы району Азирети Муфтийге "Ардактуу атуул" наамын ыйгарды

Ат-Башы райондук кеңешинин чечими менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго "Ат-Башы районунун Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.

Салтанаттуу аземде сыйлыкты Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Шербаев Мухтар Нурмаматович тапшырып, Азирети Муфтийдин өлкөнүн руханий өнүгүшүнө, диний агартууга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Азирети Муфтий көрсөтүлгөн жогорку ишеним жана сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү диний тармактын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин жаатындагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана бул тармактагы оң өзгөрүүлөр тууралуу жылуу пикирлер айтылды.