Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү, Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев Мекке шаарында ажыларга тамак-аш даярдаган «Шумул Амал» аттуу фирмага барып, штаб кызматкерлери менен биргеликте жеринен текшерүү жүргүзүштү. Бул көзөмөл иш-чарасы ыйык сапарга келген мекендеш ажыларыбыздын тамак-аш менен камсыздалышын жакшыртуу жана алардын ыраазычылыгын камсыз кылуу максатын көздөдү.
Текшерүү учурунда тазалык, санитардык абал, тамак-аштын жетиштүүлүгү, сапаты жана убагында таратылышы сыяктуу маселелер кеңири талкууланып, бул жаатта иш алып баргандарга бир катар сунуштар берилди. Өзгөчө тамак берүү графиги так болушу керектиги, тамактардын ар түрдүүлүгү жана гигиеналык эрежелердин так сакталышы талап кылынды.
Талант ажы Темирбаев бул кызмат ыйык ажылык сыяктуу улуу ибадаттын өзөгүн түзөрүн белгилеп, ажыларга тамак-аш даярдаган ар бир кызматкер жогорку жоопкерчилик менен иш алып барышы керектигин эскертти.
“Ажыларга кызмат кылуу – чоң сооптуу иш. Айрыкча алардын ден соолугун сактоо, убагында таза жана жетиштүү тамак менен камсыз кылуу – бул аманат. Ажылык кызматындагы ар бир кызматкер, анын ичинде тамак-аш менен камсыздоо адистери да, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл” – деп белгиледи.
Мындай көзөмөл жана сунуштардын негизги максаты – ажылыктын уюшкандыкта, коопсуз жана сапаттуу өтүшүн камсыз кылуу.