Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Коом | 19.12.2025
  • |

Ажылардын алгачкы рейси 2026-жылдын 11-майында аткарылат

Кыргызстандык ажылар 2026-жылдын 11-майынан тарта Сауд Араб Падышалыгына уча башташы мерчемделүүдө. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев маалымдады. 

Төраганын айтымында, Сауд Араб Падышалыгы 2026-жылдагы ажылык үчүн быйылкы жылдагыдай эле 6060 квота бөлгөн. Алдыдагы ажылыктын айырмасы, САП тарабынан медициналык талаптар күчөтүлдү жана курмандыктын акчасы жалпы калькуляцияга киргизилди. 

Учурда ажылык иштери уланып, зыяратчылардын документтерин визага даярдоо процесси кызуу жүрүп жатат. Анткени Саудиянын ажылык министрлигине караштуу "Масар электроник" (Нусук) базасында визага мүмкүнчүлүк (доступ) мөөнөтүнөн эрте берилет.

Айта кетсек, Бишкектен учкан ажылар Жиддага, ал эми Оштон учкандар Медина шаарына конмокчу.

Сауд Араб Падышалыгынын (САП) зыяратчыларга койгон медициналык талаптар кайсылар?

* Гемодиализ алып жаткан бейтаптар. 
* Минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары (прогрессирующая сердечная недостаточность). 
* Кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары. 
* Боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар. 
* Аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары. 
* Кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы. 
* Жугуштуу инфекциялык оорулар (мисалы; ачык өпкө кургак учугу ж.б.у.с. оорулар). 
* Химиотерапия алып жаткан рак ооруусунун бейтаптары. 
* Кооптуулук коштолгон кош бойлуулар.