"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
2026-жылдагы ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алып, ажылык төлөмдөрүн толук төлөгөн талапкерлерге Кыргызстан боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөө (вакцинация, иммунизация) өткөрүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-декабрынан 31- декабрына чейин өткөрүлөт.
Эскертүү: Жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын кабарлап, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендигин эскертебиз.