«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар сүрөсү, 9)
Коом | 17.12.2025
  • |

Ажылык – 2026: Менингитке жана мезгилдик гриппке каршы эмдөө алуу боюнча эскертме!

2026-жылдагы ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алып, ажылык төлөмдөрүн толук төлөгөн талапкерлерге Кыргызстан боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөө (вакцинация, иммунизация) өткөрүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-декабрынан 31- декабрына чейин өткөрүлөт.
 
Эскертүү: Жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын кабарлап, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендигин эскертебиз.