Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Албетте, Аллах Таала силерден бирөөнүн Ага такыбалык менен кылган амалдарын жакшы көрөт” (хадис)
Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган КМДБ делегациясы Мекке шаарында ажыларды тосуп алып кызмат көрсөтүүчү компаниясы менен жолугушту.
Жолугушууда ажылык маалында кыргызстандык ажыларга көрсөтүлүүчү кызматтар, тейлөөнүн сапаты жана ажылардын коопсуздугун камсыз кылуу, өз убагында тейлөө жана Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы болочок ажыларга кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү жана кыргызстандык ажылар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатуу боюнча макулдашууларга жетишти.
Муфтияттын делегациясы аталган жолугушуулар болочок ажыларга кызматтарды жакшыртуу, ажылардын ибадаттарын ыңгайлуу шартта аткаруусуна багытталганын белгиледи.