«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Коом | 27.10.2025
  • |

Ажылык – 2026: Зыяратчылардын формасы боюнча өткөн конкурс жыйынтыкталды

2026-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына (САП) болгон ажылык сапарына баруучуларга бирдиктүү жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөрдүн ортосунда конкурс өтүп, жеке ишкер Медербек Акматалиев жеңүүчү болуп табылды.

Ажылыкты уюштуруу штабы кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти.

Эскерте кетсек,  үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин ажылык сапарында ажылардын формасын тигүүчү тараптарга конкурс жарыяланып, натыйжада сынакка катышуу үчүн 3 ишкер документ тапшырган.