Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес» (Муслим, Зекет, 124).
2026-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына (САП) болгон ажылык сапарына баруучуларга бирдиктүү жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөрдүн ортосунда конкурс өтүп, жеке ишкер Медербек Акматалиев жеңүүчү болуп табылды.
Ажылыкты уюштуруу штабы кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин ажылык сапарында ажылардын формасын тигүүчү тараптарга конкурс жарыяланып, натыйжада сынакка катышуу үчүн 3 ишкер документ тапшырган.