«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Ислам динин кабыл алган белгилүү кореялык блогер ыйык Рамазан айына карата Кыргызстанга келди. «Аль-Умма» кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен келген Ким учурда өлкөдөгү маанилүү жайларды зыярат кылып, жолугушууларды өткөрүп, фонддун «Рамазан чатырлары – 2025» саамалыгына катышууда.
Ардактуу конок Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын да зыярат кылып, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимовдун кабыл алуусунда болду.
Айта кетсек, инстаграмда 4,6 млн катталуучу бар Дауд Ким Түштүк Кореяда ислам динин жайылтуу, мечит куруу сыяктуу демилгелери менен таанылган.