"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 10.04.2026
  • |

Чүй: “Салттуу ислам түшүнүгү” аталышындагы семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Чүй: “Салттуу ислам түшүнүгү” аталышындагы семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Чүй облусунун Кемин, Чүй жана Токмок аймактарындагы имамдар үчүн уюштурулган 3 күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Семинардын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын өкүлдөрү тарабынан төмөнкү маанилүү темалар боюнча мазмундуу сабактар өткөрүлдү:                                  
▫️ салттуу ислам    баалуулуктары
▫️ матуриди акыйдасы
▫️ ханафи мазхабынын негиздери
▫️ ислам тарыхы

Имамдар окууга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна кеңири жана пайдалуу жоопторду алышты.

Семинардын соңунда Азиретти Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев дин кызматкерлеринин эл үчүн жасап жаткан эмгегин жогору баалап, терең ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, сабак өткөн Мирзат ажы Барпиев жана Нуркамал кары Мизираимов устаздарга өзгөчө ыраазычылык айтылды.

Мындай илимий иш-чаралар диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатып, коомго туура багыт берүүдө маанилүү роль ойнойт.