"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 23.04.2026
  • |

Чүйдө “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов аймактарындагы имамдар үчүн уюштурулган 3 күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Семинардын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын кызматкерлери тарабынан төмөнкү маанилүү темалар боюнча мазмундуу сабактар өткөрүлдү:     
                             
•    Салттуу ислам баалуулуктары;
•    Матуриди акыйдасы;
•    Ханафи мазхабынын негиздери;
•    Ислам тарыхы.

Имамдар окууга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна кеңири жана пайдалуу жоопторду алышты.

Семинардын соңунда Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев, Азирети Муфтийдин Чүй облустагы өкүлүнүн орун басары Азатбек Абытов, Жайыл районунун баш имам-хатибинин м.а. Нурдан Өмүралиев, Панфилов раонунун баш имам-хатибинин м.а. Жумабек Дуванаевдер дин кызматкерлеринин эл үчүн жасап жаткан эмгегин жогору баалап, терең ыраазычылыктарын билдирди.

Мындай илимий иш-чаралар диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатып, коомго туура багыт берүүдө маанилүү роль ойнойт.

Айта кетсек, буга чейин облустун башка райондорунда да ушундай семинарлар ийгиликтүү өткөрүлгөн.