«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 21.07.2026
  • |

Диндер – тынчтык үчүн: Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү

Кечээ, 20-июлда ДИЭМУАнын жыйындар залында «Интерфейт Кансил» коомдук бирикмесинин «Диндер – тынчтык үчүн» жаатында кызматташуу боюнча сунушу талкуланды. Талкууга Конфессиялар аралык кеңештин мүчөлөрү катышты. Бул боюнча КМДБнын үгүт-насаат адиси Иманбек Азизилла уулу билдирди. Анын айтымында, аталган саамалыкта диндердин жалпы максаттары, орток баалуулуктары, коомдук тынчтыкка кошкон салымы белгиленип, мындан ары да Конфессиялар аралык кеңештин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуштар ортого салынды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы түзүлгөн Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши учурда 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ондогон иш-чараларды өткөрүп келет.