«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Коом | 23.01.2026
  • |

«Йакын-Инкардын» мүчөлөрү тыюу салынган идеологиядан баш тартып жатышат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мамлекеттик органдар менен биргеликте «Йакын-Инкардын» мүчөлөрүнө алдын алуу-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Бул иш-чаранын максаты «Йакын-Инкар» идеологиясынын жаңылыштыгынын жана аларга салттуу динди түшүндүрүүгө багытталган. 

Учурда республика боюнча 150дөн ашуун адам «Йакын-Инкар» идеологиясынан баш тартты, ошондой эле анын ичинде идеологиядан жана уюмга мүчөлүктөн Кыргызстандагы «Йакын-Инкардын» лидери да бар. 

Тактап айтканда, «Йакын-Инкардын» мурдагы мүчөлөрү өз идеологиясынын жаңылыштыгын айтып, өздөрүнүн өкүнгөндүгүн жана Аалымдар Кеңешинин фатваларына, КМДБнын талаптарына жана КР мыйзамдарына баш иерин билдиришти.

«Буга чейин үгүт-насаатта жана такыбаалыкта терең кетип калыптырбыз. Биз муфтияттан корккондуктан эмес, үммөттүн биримдиги, Кыргызстан мусулмандарынын тынчтыгы үчүн «инкар» жолунан баш тарттык. Мындан ары жаран катары мамлекетибиздин мыйзамдарына жана мусулман катары муфтияттын фатваларына баш иебиз. Азирети Муфтийдин ынтымакка жана биримдикке багытталган аракеттерин колдойбуз», – деди агымдын мурдагы активдүү өкүлү.