"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 27.04.2026
  • |

«Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө» аттуу республикалык конференция өттү

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы «Азат» этнозалында «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө» аталышындагы республикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – ислам дининдеги үй-бүлөлүк баалуулуктарды, адеп-ахлак нормаларын жайылтуу жана коомдогу тарбиялык маданиятты өнүктүрүү болду.

Конференцияга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган диний аалымдар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана активдүү жарандар катышты. Иш-чара салтанаттуу түрдө гимн аткаруу жана Куран окуу менен башталып, Кыргызстандын диний жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен коштолду.

“Нарк – бул адамдын ички дүйнөсүн, ыйманын, абийирин, жоопкерчилигин жана коом алдындагы кадыр-баркын аныктаган руханий өлчөм. Кыргыз элинде: «Адамды байлыгы эмес, наркы баалайт», «Наркы бар эл – нарктуу эл» деп, наркты материалдык нерседен жогору койгон. Нарк бар жерде сөзгө жоопкерчилик бар, аманатка кыянаттык жок, уят, адеп, ыйман сакталат. Ислам дини да дал ушул баалуулуктарды бекемдейт”, – деди Азирети Муфтий өз докладында.

КМДБ жетекчиси өз баяндамасында ислам дини да, улуттук салт да, мамлекеттик саясат да нарктуулукту, анын ичинде үй-бүлө институтунун коргоого кызыкдар экенин белгилеп, бул жаатта муфтият тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири токтолду.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминовдун куттук сөзү жаңырса, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, АК мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов жана Максат ажы Токтомушовдор мазмундуу баяндама жасады. Бул баяндамаларда ислам дининдеги үй-бүлө, нарк жана адеп-ахлак баалуулуктары айтылып, үй-бүлөдөгү тарбия, аялдын коомдогу орду, ошондой эле кайнене-келин мамилеси сыяктуу актуалдуу темалар көтөрүлдү. Ошондой эле муфтияттын «Нарк» долбоорунун алкагында даярдалган тарбиялык маанидеги видеороликтер көрсөтүлдү.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө «Каусар» апалар жамаатынын ишмердүүлүгү тааныштырылып, алардын диний, кайрымдуулук жана тарбиялык багыттагы иштерине сереп салынды. Ошондой эле аталган жамаат тууралуу китептин бет ачары болуп өттү.

Үчүнчү бөлүктө аялдарга кеңеш берүү багытындагы иштердин мааниси белгиленип, диний мекемелердин бул жааттагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө диний чөйрөдөгү активдүү айым катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле катышуучулар үчүн ачык микрофон уюштурулуп, суроо-жооп, сунуш-пикирлер айтылды.

Конференциянын модератору Равшан ажы Эратовдун айтымында, иш-чара жалаң гана диний маселени камтыбастан, ислам баалуулуктары менен кыргыз элинин улуттук нарк-насилин айкалыштырган, коом үчүн маанилүү багыттардын бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө үй-бүлө институту алсырап, адеп-ахлактык баалуулуктар солгундап жаткан шартта, ислам дининин негиздерине кайрылуу жана улуттук наркты сактоо өзгөчө мааниге ээ.

Бул конференция Азирети Муфтийдин 2024-2029-жылдарга карата КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 камдамдан турган стратегиялык планын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы - «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу руханий жана улуттук баалуулуктарды көтөрүүгө багытталган маанилүү жарлыгын аткарууга багытталып, документтеги улуттук иденттүүлүктү сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө, адеп-ахлактык тарбияны өнүктүрүүнү көздөгөнүн жана мамлекеттик идеологияны колдоо менен бирге, аны ишке ашырууга багатталганын модератор билдирди. 

Конференция жылуу сөздөр, дуба-тилектер жана маданий программа менен аяктады. Иш-чара коомдо үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштарды туура тарбиялоо жана диний маданиятты өнүктүрүү багытында маанилүү кадам болмокчу.