"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 31.03.2026
  • |

Кадрлар резерви: Конкурстун тестирлөө этабы өткөрүлдү

Бүгүн, 31-мартта өлкөнүн 7 дубан, 2 шаарында муфтияттын кадрлар резервине документ тапшырган талапкерлер арасында тестирлөө конкурсу өткөрүлдү. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын облустагы жана шаардагы өкүлчүлүктөрдүн курамынын кызмат орду жана райондук баш имам-хатибдеринин кызмат орду үчүн кадрлар резервине кабыл алуу боюнча конкурска 200 дөн ашуун документ келип түшсө, анын ичинен 163 талапкер өз күчтөрүн сынашты. 

Муфтияттын тарыхында алгачкы ирет ишке ашып жаткан кадрлар резервин түзүү иши Азирети Муфтийдин 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеминде камтылган жана тиешелүү жобо менен жөнгө салынат. Анын негизги максаты, жооптуу диний кызмат орундарына илимдүү, билимдүү, адеп-ахлактуу, кесипкөй, потенциалдуу кадрларды тартуу болуп саналат. Ошондой эле диний кызмат орундарына дайындоодо ачык-айкындуулук, адилет атаандаштык жана диний чөйрөнүн дараметин көтөрүү артыкчылыктуу багыт катары тандалган.

Маалымат иретинде айта кетсек, буга чейин муфтияттын кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жарыялар берилген. Анын алкагында бүгүн, 31-март күнү тестирлөө сынагы өткөрүлсө, 1-4-апрель күндөрү сынактын аңгемелешүү этабы өткөрүлөт. Ал эми кийинки кварталда хатибияттын курамы жана жума мечиттердин имамы кызмат орундары үчүн кадрлар резервине кабыл алуу сынагы жүргүзүлсө, кийинки кезекте диний окуу жайлардын курамы үчүн кадрлар ревервин түзүү мерчемделген.