“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан жалпы Нарын облусундагы имамдар үчүн 3 күндүк окуу семинары башталды. Ат Башы, Ак-Талаа, Нарын району жана шаарындагы имамдарга багытталган курс «Жакыпбек ата» мечитинде старт алса, ал эми Жумгал жана Кочкор районунун имамдары өз аймактарынын борбордук мечиттеринде өткөрүлүүдө.
Бул 3 күндүк окуу семинарын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана КМДБ кызматкерлери алып барууда.
Устаздар:
Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
Мирзат ажы Барпыбеков, Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
Жеңишбек ажы Курбанов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
Акылбек ажы Тагаев, муфтияттын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси;
Каныбек ажы Баргыев, муфтияттын өкүлчүлүктөр хатибияттар мечиттер жана курулуш бөлүмүнүн адиси;
Илмиян Мураталиев, диний аалым.
Бул окуу курсунун башкы максаты – имамдардын билим деңгээлин көтөрүп, салттуу ислам түшүнүгүн кеңири жайылтуу жана түшүндүрүү болуп саналат.