“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Коом | 22.02.2026
  • |

Кадрлар резерви: Татыктуу кадрлар татыктуу жерге келет!

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кадрлар резервин түзүү боюнча ачык сынак уланууда. Документтерди кабыл алуу 27-февралда токтотулат!

Кадрдык резервди түзүү атайын жобого ылайык жүргүзүлүп, анын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аймактардагы өкүлчүлүктөрүндөгү курамы, райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин кызмат орду, дегеле жалпы диний кызмат орундары (имам, имам-хатиб, ДОЖ кызматкери ж.б.) үчүн кадрдык резервге киргизүү боюнча ачык сынак жүрүп жатат. 

Сынакка катышуучу талапкерлерге коюлуучу талаптар жана тапшырылуучу документтердин тизмеси Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Каалоочулардын документтерин кабыл алуу КМДБнын Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү жана аймактык өкүлчүлүктөрдүн кадрлар боюнча адистери тарабынан ишке ашырылат.

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтерин электрондук түрдө kg_muftiyat@mail.ru дарегине жана тиешелүү аймактык өкүлчүлүктөрдүн электрондук почталарына жөнөтүшү керек.

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Конкурска катышуу үчүн жеке арыз;
2. Форма боюнча сүрөтү менен кошо резюме;
3. Резюме төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- туулган жери;
- жашаган жери;
- соц тармактагы баракчасы;
- байланыш номуру; 
- билими;
- биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

4. Негизги жана кошумча билими бар экендигин тастыктоочу документтердин көчүрмөсү;
5. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7. Паспорттун көчүрмөсү
- Түп нускалары конкурска келгенде көрсөтүлөт.
- Талапкер кайсыл кызматка талапкерлигин коюп жаткандыгын белгилейт.

Маанилүү: Диний кызмат орундары үчүн өтүүчү сынакка аракеттеги диний кызматкерлер жана документтери кабыл алынган талапкерлер чакырылат. Тагыраагы, бул сынак учурдагы өкүлчүлүк адистеринин милдетин аткаруучуларга, райондук-шаардык баш имам-хатибдердин милдетин аткаруучуларына жана имам-хатибдин милдетин аткаруучуларына да тиешелүү. Тестирлөөчү сынакта диний суроолор (50 балл) жана тиешелүү КР мыйзамдарынан суроолор (50 балл) берилет. Ошондой эле аңгемелешүү да жүргүзүлөт (100 балл). Сынакка документ тапшырбагандар жана жетишерлик балл ала албагандар кадрлар резервине каттала алышпайт. Кадрлар резервине кабыл алуунун жыйынтыгы КМДБнын расмий сайтына жарыяланат.

Эскертме: Документтер электрондук форматта kg_muftiyat@mail.ru дарегинде, ал эми кол жазма түрүндө муфтиятта же өкүлчүлүктөрдө кабыл алынат.