«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Урматтуу Наурызбай ажы Тағанұлы!
Кыргызстан мусулмандарынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда болгон кайгылуу кырсыктын кесепетинен аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу Сизге, боордош Казакстан элине, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Бул оор жоготуу боордош Казакстан элинин гана эмес, жалпы кыргызстандыктардын да жүрөгүн оорутту. Кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, аларга сабырдуулук жана бекемдик тилейбиз.
Алла Таала каза болгон маркумдарды Өзүнүн чексиз ырайымына бөлөп, артында калган ата-энесине, үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жалпы Казакстан элине сабыр-жамийл насип этсин.
Касиеттүү Куранда: «Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтып барабыз» (Бакара сүрөсү, 156-аят) деп айтылат.
Ушул азалуу күндөрдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы боордош Казакстан элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирем.
Алла Таала Казакстан жергесин ар кандай кырсыктардан, кайгы-кападан сактап, өлкөгө тынчтык, элге аманчылык берсин.
Терең кайгыруу менен,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи
Абдулазиз кары Закиров