«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 16.06.2026
  • |

Климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү

Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарында диний жамааттар менен диалог түзүү аркылуу климаттык өзгөрүүлөр, табиятка аяр мамиле кылуу жана жаратылыш ресуртарын туура пайдалануу тууралуу калк арасындагы маалымдуулукту жогорулатуу иштерин системалуу түрдө ишке ашыруу боюнча долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Долбоор 2025-2026-жылдары аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана «MoveGreen» экологиялык уюму менен биргеликте, диний кызматкерлердин, окумуштуулардын, климатологдордун жана мамлекеттик органдардын катышуусунда ишке ашырылды. Аталган саамалыкка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, диний лидерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун өнөктөштөрү чакырылды. Алардын катарында КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Иманбек Азизилла уулу баштаган диний кызматкерлер да катышып, өздөрүнүн көз караштарын жана сунуш-пикирлерин ортого салышты.

Долбоордун алкагында: 
• Эксперттер жана теологдор Ыйык Курандагы, хадистердеги жана башка диний булактардагы жаратылыш темасын камтыган маалыматтарга терең талдоо жүргүзүштү. 
• Диний жамааттар үчүн климат маселелери боюнча атайын окутуу программалары иштелип чыкты. 
• Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы диний кызматкерлер окутуудан өтүшүп, алган билимдерин колдонуп, мечиттерде жума баяндарды жана медреселерде класстык сааттарды өткөрүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, баштапкы изилдөөнүн жыйынтыктары, долбоордун негизги корутундулары, сунуштары жана иштелип чыккан окутуу программалары менен тааныштырылып, мамлекеттик жана диний кызматкерлердин, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда, долбоордун алкагында топтолгон тажрыйбаны андан ары кеңейтүү маселелерине арналган панелдик талкуу болуп өттү.