Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 23.09.2025
  • |

КМДБнын алдындагы атайын комиссия «Диний насаатчы» боюнча кароону баштады

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» КР мыйзамы жана КМДБнын Уставынын негизинде диний насаат иштерин жүргүзүүнү каалаган жарандарды «Диний насаатчы» катары каттоого макулдук берүү иштери башталды. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Абдулазиз ажы Белеков билдирди. Анын айтымында, төрага жана 4 мүчөдөн турган комиссия насаатчы болууга талапкерлердин талап кылынган документтерин карап, оозеки жана жазма түрүндө сынак алат. Андан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге макулдук берилип, ыйгарым укуктуу органга каттоого жолдонмокчу.

«Атайын комиссия талапкерлердин илим-билимине, адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна көңүл бурат. Өзгөчө матуридилик-ханафиликти карманышына басым жасайт. Ошондой эле аша чаппаган, чектен чыкпаган, элди биримдикке жана тынчтыкка үндөгөн жоопкерчиликтүү насаатчыларга артыкчылык каралат», – деди комиссиянын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев

Айта кетсек, диний насаатчы болууга талапкерлерден сынак алуу жана макулдук берүү процесси атайын жобо менен жөнгө салынат.