Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 21-май күнү кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына аман-эсен жетип, зыярат жайларына жакын жайгашкан мейманканаларга жайгаша баштады. Зыяратчыларды ажылыкты уюштуруу штабынын Медина шаары боюнча жооптуу өкүлдөрү Жоробай ажы Шергазиев жана Алмаз ажы Умарбеков тосуп алышты.
Медина шаары боюнча жооптуу өкүл Жоробай ажы Шергазиев Медина шаарында аткарылуучу ибадаттар жана зыяраттар боюнча маалымат берди.
«Ажылык – мусулман үчүн парз болгон улуу ибадат. Кыргызстандык зыяратчылардын ыйык Мединага аман-эсен келип, Мединадагы мейманканаларга жайгашуусу – Алла Тааланын чоң ырайымы. Ар бир зыяратчы жүрөгүндө ихлас, тилегинде сабыр менен шүгүрдү көтөрүп, бул сапарды такыбаа жана ихсан менен өтөөгө умтулусу зарыл. Анткени, бир учурда миллиондогон адамдар келгендиктен, ажылык машакат», – деди Жоробай ажы.