«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев мамлекеттик ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Алмаз Джунушбаев менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, адал стандарттарын ишке ашырууда ветеринардык көзөмөл жана экспертизанын мааниси боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар өндүрүштөгү адал талаптарды илимий негизде бекемдөө багытында биргеликте иш алып баруу ниеттерин билдиришти.