«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Коом | 13.02.2026
  • |

Кыргызстандык үч кары Алтайга аттанды

Бүгүн, 13-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында үч хафизди Алтай Республикасына узатуу саамалыгы болуп өттү. Иш-чарада Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев Азирети Муфтийдин дубай-саламын жеткирип, карыларга ийгилик каалады.

«Сиздер кары катары гана эмес, кыргыз өлкөсүнүн жүзү катары да кетип жатасыздар. Ал жакка барганда эң жакшы кызмат кылып, сак-саламат кайтып келиңиздер. Алла Таалам сиздерди өз коргоосуна алып, Алтай жеринде жемиштүү кызмат кылышыңыздарды насип кылсын», – деди өз сөзүндө. 

Тоолуу Алтайга сапар алган карылар:
Абдималик кары Ускенбаев;
Нурлан кары Мухаммад;
Мухаммад кары Мирбеков.

Карылар Алтайда Ыйык Рамазан айы ичин таравих намаздарында хатм өтүп беришмекчи. КМДБнын эл аралык мамилелер жана Азирети Муфтийдин протоколу секторун Белек ажы Жапаракундун айтымында, алар жаш балдарга Куран алиппеси жана адеп-ахлак боюнча сабактарды да уюштурушат. 

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Орусия Федерациясынын курамындагы Алтай Республикасынын муфтийи Жанболат ажы Охтаубаевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу, билим берүү, кадр даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча макулдашкан. Жолугушууда Жанболат ажы Охтаубаев таравих намаздарында хатм өтүүчү карыларды жөнөтүүнү кыргыз муфтиятынан суранган.