"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
ЖАМКнын №8 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга атайын сабак уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүн Эрик ажы Молдокулов ислам баалуулуктары, тообо кылуу, Жараткандын ыраазычылыгын табуу, Мекенди сүйүү ж.б. темаларда лекция окуду.
«Бул сыноолуу дүйнөдө жаза басып, адашып кетип бул жерге келип калган бир туугандар! Алла Таала абдан Айкөл жана Кечиримдүү Зат. Өтмүштө кылган күнөөлөрүбүз үчүн тообо кылып, жакшы адамга айлансак, Ал кечирет. Айтайын дегеним, азыр тообо эшиктери ачык. Тообонун эки шарты бар: бири – өкүнүү, экинчиси – аны эч качан кайталабоо. Алланын жакшылыгынан эч качан үмүт үзбөй, эки дүйнөдө тең бактылуу болууга эч качан кеч эмес!», – деди Эрик ажы Молдокулов.
Эрик ажы Молдокулов өз лекциясында адам акысы боюнча да токтолуп, мурда-кийин кимдир-бирөөнүн акысына кирген инсандар болсо, бул жашоодо эң жакшы маанайда кечиришүү керектигин, эгер адам акысы акыретке калып кетсе, абалы оор болорун баса белгиледи.
Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жарандарды диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн адиси Каныбек ажы Баргыев да ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча баяндама жасады.
Жылуу маанайда өткөн жолугушуу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын колдоосу менен өткөн иш-чара соттолгондорго диний дөөлөттөрдү жеткирүү жана аларга моралдык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.