«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМБД) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен биргеликте №10 жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп жаткан жарандар арасында «Өрнөк өмүр» аттуу китеп окуу конкурсуна старт берилди. Конкурстун максаты жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, руханий дүйнөсүн байытуу жана убакытты пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет.
Китеп конкурска старт берүү иш-чарасына жаза аткаруу мекемесинин жетекчилиги, КМБДнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Э. Молдокулов, жарандарды диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн башчысы У. Сулайманов катышып, конкурстун шарттарын түшүндүрүшүп, 200 даана китеп таратышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө абактагыларга ислам баалуулуктары боюнча атайын лекция да окулду. Ошондой эле китеп окуунун адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү, адеп-ахлагын калыптандыруудагы жана коомго пайдалуу инсан болуусундагы мааниси тууралуу айтылды. Катышуучуларга билим алууга, китеп окууга жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө чакырыктар жасалды.
Китеп жарышы боюнча айтсак, конкурстун байге фонду 200 миң сомду түзөт. Жеңүүчүлөр үчүн төмөнкү баалуу сыйлыктар коюлду:
🥇 1-орун — муздаткыч;
🥈 2-орун — кир жуучу машина ;
🥉 3-орун — газ плита.
Мындан тышкары, конкурстун катышуучуларын кызыктыруу максатында атайын кызыктыруучу сыйлыктар да каралган.
Белгилей кетсек, конкурстун өзгөчөлүгү – жеңүүчүлөргө берилүүчү баалуу сыйлыктар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына жеткирилип берилет. Бул демилге абакта жазасын өтөп жаткан жарандарды китеп окууга шыктандыруу менен бирге, алардын үй-бүлөлөрүнө да колдоо көрсөтүүгө багытталууда.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул конкурс руханий-агартуу иштерин күчөтүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга жана жарандардын оң өзгөрүүгө умтулуусуна түрткү берүүчү маанилүү долбоор болуп саналат.