"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын делегациясы Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарына болгон иш сапарынын алкагында ажылык маалында зыяратчыларды зам-зам суу менен камсыз кылуу багытында иш алып барган «Замазима» фирмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кыргызстандык ажыларды ажылык учурунда зам-зам менен камсыз кылуу жана жеткирүү боюнча талкуулашты.