«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар сүрөсү, 9)
Коом | 30.12.2025
  • |

Муфтияттын делегациясы Мекке шаарында «Замазима» фирмасы менен жолугушуу өткөрдү

Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын делегациясы Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарына болгон иш сапарынын алкагында ажылык маалында зыяратчыларды зам-зам суу менен камсыз кылуу багытында иш алып барган «Замазима» фирмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргызстандык ажыларды ажылык учурунда зам-зам менен камсыз кылуу жана жеткирүү боюнча талкуулашты.