"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 25.04.2026
  • |

Мухаммад ажы Аноркулов: «Ажылыкка Алла чакырган адам гана барат!»

Бүгүн, 25-апрель күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде ордо калаадан ажылыкка аттанган зыяратчыларга атайын сабак өткөрүлдү. Сабакта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мухаммад ажы Аноркулов баштаган ажы башчылар баяндама жасап, ажылыктын шарияттык негиздерине жана пазилеттерине кеңири токтолушту.

«Урматтуу ажылар! Алла Таала насип кылса, жакын арада ыйык сапарга учуп кетебиз. Бул сапар башка сапарларга окшобойт. Анткени Алла Таала өзү чакырган пенделери гана ажыга барат. Кудай буюрса, аз күндө ыйык жайларга аттанабыз. Ал жакта жүргөндө ар бир күндү, ар бир саатты туура пайдаланып, өзүбүздү ибадатка арнайлы. Өзүбүз үчүн, жакындарыбыз үчүн, эли-журтубуз үчүн, дегеле үммөт үчүн тынымсыз дуба кылалы. Ыйык сапардан руханий жактан тазаланып кайтып келген соң «ажы» деген наамга татыктуу болууну баарыбызга насип кылсын. Анан ажыдан келген соң дүңгүрөтүп «ажы той» өткөрүп, ысырап кылбайлы», – деди ал сабак учурунда. 

Сабактын жүрүшүндө ажы башчылар Мансурхан ажы Нарматов, Нурбек ажы Исманалиев, Уланбек кары Курманбаев, Сыдыкбек ажы Абдиллаев жана Уланбек ажы Сайпидиновдор да ажылык боюнча баяндамаларды жасашып, зыяратчылардын суроолоруна жооп беришти.

Айта кетсек, учурда жер-жерлерде Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде болочок ажыларга багытталган сабактар өтүлүүдө.